Бишкек шаарында коронавирус оорусун жуктурган адамдардын саны өсүп жатканына байланыштуу айрым тармактардын ишине чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу шаар мэри Азиз Суракматов бүгүн, 1-июлдагы өкмөт үйүндөгү брифингде айтты.
Ишмердүүлүгү чектелген тармактар:
— велосипеддерди ижарага берген пункттар, балдар аянтчалары жана батуттар;
— тойкана, түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башка көңүл ачуу жайлар;
— балдарды ойнотуучу жайлар, футбол талаалары жана оюн аянтчалары;
— Ошондой эле мэрия парк, сквер, бульварларда, аянттарда эс алууну чектейт.
Ишмердүүлүгүн токтотпой, карантин эрежелерин бузган тараптарга электр жарыгын жана суу берүүнү токтотуу тууралуу сунуш «Түндүк электр» жана «Бишкек суу канал» ишканаларына берилет.