Бишкекте таштандыларды белгисиз жайларга ыргытуу, ошондой эле борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактыларын аныктоо боюнча рейддер өтүүдө.
Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддер мэриянын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан жүрүүдө.
Ошентип, эки күндүн ичинде борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин 38 бузуу фактысы катталды.
Белгнилей кетсек, муниципалдык инспекция борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан ар бир адам күн сайын өз аймагынын айланасында тазалыкты камсыздап турушу керектигин эскертет.
Таштанды башаламан таштагандар күнөөсүн мойнуна алып, албаганына карабастан протокол түзүлөт.
Текшерүү иштерине байланыштуу суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылууга болот: