Ооруну жуктуруп алган 2392 бейтаптын ичинен 55%ын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер түзөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Азиз Суракматов билдирди.
«Бишкекте 1-июлга карата коронавирусу лаборатордук тастыкталган учурлардын саны 2392 адамды түздү, * алардын ичинен 100 учур Россиядан кайтып келген аскер кызматкерлеринин арасынан чыккан. Акыркы 10 күндүн ичинде күн сайын ооруну жуктуруп алгандар көбөйүүдө, эгерде 22-июнда 82 бейтап болсо, 1-июлга карата күнүнө 195 учурду түздү. 21 адам каза тапты, өлүм учурларынын кескин өсүшү соңку жумада байкалууда. 3706 адам байланышта болгондор катары медициналык көзөмөлдө турат», — деди Суракматов.
Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата Ленин жана Октябрь райондору эң эле эпидемиологиялык жагымсыз абалда турат.
Мында 2 392 учурдун ичинен 55%ынан көбүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер түзүүдө.
Райондор боюнча алып караганда:
Бишкек шаарынын калкуу конуштары боюнча: