• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте кошунасын бычактаган шектүү кармалды

5 Тогуздун айы 2022 17:00 Бишкек Govori.TV

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-октябрда болжол менен саат 00:05 чамасында «102» кызматына Ак-Ордо жаңы конушунда бычактан жаракат алды деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаган учурда 1991-жылы туулган У. А. аттуу жаран төшүнө бычак сайылган абалда ооруканага баргандыгы жана кошунасы мас абалында ага карата ашкана бычагын колдонгондугу аныкталган.

«Жаракат алган жаран ооруканага жеткирилип, ошол жерде алган жаракатынан улам көз жумган. Кылмышка шектүү катары, 1988-жылы туулган К.С. аттуу кошунасын кармашып, Ленин райондук ИИБнин Тергө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн жеткиришкен»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 220