• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте курулуп жаткан имараттан адам кулап, каза болду

4 Бирдин айы 202512:47 Бишкек Govori.TV

Бишкекте курулуп жаткан имараттан адам кулап кетти. Ал алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон.

Октябрь РИИБдин маалыматы боюнча, 2025-жылдын 1-февралында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын 102 кызматына курулуш объектилеринин биринде адам бийиктен кулап кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул факты Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгына катталып, иликтөө иштери башталды.

Окуя болгон жерден маркумдун өздүгү такталып, ал 1972-жылы туулган М.Т. болгон. Кырсыктын себебин аныктоо үчүн бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 498