• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте куткаруучулар 9-кабаттан секирүүгө аракет кылган жигитти сактап калышты

15 Жетинин айы 20219:08 Бишкек Govori.TV

Бишкекте куткаруучулар 9-кабаттан секирүүгө аракет кылган жигитти сактап калышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, бүгүн, 14-ноябрда, саат 16:44 чамасында «112» кызматына Гагарин жана Юдахин көчөлөрүнүн кесилишинде салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан эркек адам секирүүгө аракет кылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Кырсык болгон жерге ыкчам түрдө Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу чыккан. Куткаруучулар аталган жаран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, натыйжасында 9-кабаттан аман-эсен түшүрүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 314