• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте кызды уурдоого катыштыгы бар делген шектүүлөрдүн бири кармалды

7 Чын куран 2021 23:38 Бишкек Govori.TV

Бишкекте кызды уурдоого шек саналгандардын бирин кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29 жаштагы (Р.А.) шектүү колго түшүрүлүп, шаардык милициянын убактылуу кармоочуна жайына киргизилди.

«Милициянын ыкчам кызматкерлери кызды уурдоого катышкан дагы эки адам тууралуу маалыматтарды аныктады. Ушул тапта алардын жүргөн жерин аныктоо, кармоо иштери жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылды. Милициянын маалыматы боюнча аны уурдаган деп шек саналган 31 жаштагы киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө да кол салган.

Количество просмотров: 480