Бишкекте түн ичинде кызга бычак менен кол салган шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү катары 1977-жылы туулган Д.Ш. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
«Окуя болгон жерге тинтүү иштери жүргүзүлүп, бычак табылды», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 10-апрелдин түнүндө милицияга Бишкек шаарындагы Сухэ-Батор көчөсүндө бараткан кызга бейтааныш адам бычак менен кол салганы боюнча арыз түшкөн. Октябрь райондук милициясы бычак кыздын ийнине тийгенин, учурда шектүүгө издөө жарыялаганын кабарлаган.