• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкекте мейманкана өрттөндү

16 Кулжа 2023 10:07 Бишкек Govori.TV

Бишкекте мейманкана өрттөнүп, 3 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Такталган маалымат боюнча тилсиз жоо адам өмүрүнө коркунуч жараткан эмес, жабыркагандар жок.

16-июнь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда Чынгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан «Причал -24» мейманканасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 04:53тө Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1, кошумча саат 05:08де 1 жана 05:15те Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт саат 05:33тө чектөөгө алынып, саат 08:20да толук өчүрүлгөн. Өрттүн болжолду аянты 300 ч.м. түзүп, жыгач устундуу калай менен жабылган чатыры, жыгач жасалгасы жана эмеректер күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 182