• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте мектеп лагерлери ачылат

29 Бугу 202417:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 3-июндан 28-июнга чейин борбордун 37 мектебинде 4 миң 275 баланы камтыган мектеп лагерлери уюштурулат.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, мектеп лагерлери 20 күн бою саат 8:00дөн 14:00гө чейин иштейт.

Кошумчалай кетсек, июль айында окуунун отличниктери жана активисттери, ошондой эле аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары берметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде эс алышат.

Ошондой эле шаарда балдардын чыгармачылык борборлору ачылып, каалоочулар ар кандай ийримдерге, секцияларга катыша алышат.

Количество просмотров: 105