• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкекте милиция кызматкери кармалды

20 Тогуздун айы 2023 15:58 Бишкек Govori.TV

Бишкекте пара талап кылуу фактысы боюнча милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан пара талап кылуу жана кылмыштуу чөйрөнү түзүү же ага катышуу фактылары боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Биринчи май райондук милициясынын 5-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын лейтенанты И.Т.К. кармалды.

«Кармалган кызматкер ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринен турган кылмыштуу топ менен түздөн-түз байланышта болгону, алар кылмыш ишин козгоо шылтоосу менен баңгизатын жеке колдонуу үчүн сатып алууну көздөгөн адамдардан акча талап кылуу менен алектенгендиги аныкталды. Кармалган кызматкер №1 тергөө абагына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда УКМК тарабынан жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар ИИМдин башка кызматкерлерине карата аларды кармоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК ушул сыяктуу кылмыштарга дуушар болгон жарандарды (0312) 66-04-75 жана 0708 72 28 01 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. Атын атабоого кепилдик берилет.

Количество просмотров: 818