• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды

20 Бугу 2020 12:57 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Кайгуул милициянын кызматтык автоунаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык 20-майга караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында болгон. Анда 1993-жылы туулган М.М. аттуу айдоочу Деу Нексия үлгүсүндөгү унаасы менен Гагарин көчөсү менен батышты көздөй бара жатып, Садырбаев көчөсүнүн кесилишинен түштүктү көздөй бара жатып, 1996-жылы туулган жарандын башкаруусундагы Рено Логан үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

«Патрулдук милициянын унаасын Деу Нексия жол чырактын кызыл түсүнө карабай катуу ылдамдык менен келип сүзүп, унаа жол кырсыгына учураган. Жол кырсыгынын натыйжасында, Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана жанындагы жүргүнчүсү, Рено Логан автоунаасынын айдоочусу жана жанындагы1987-жылы туулган И.М. аттуу кызматкер Бишкек шаарындагы №4 ооруканага жаткырылган. Текшерүү учурунда Деу Нексия үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу мас абалында болгондугу аныкталган»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда эки унаа тең айып короосуна токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 158