• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Бишкекте ок атуучу курал алып жүргөн жаран кармалды

12 Тогуздун айы 202018:30 Бишкек Govori.TV

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматы тарабынан ок атуучу курал алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Аталган кызматка белгисиз адам ок атуучу курал менен жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Анын негизинде аталган кызматтын кызматкерлери тарабынан шектүү катары Ош облусунун 37 жаштагы А.С. аттуу тургуну кармалган. Кармалган жаранга өздүк кароо жүргүзүлүп, анын жанынан мыйзамсыз алып жүргөн «Макаров» үлгүсүндөгү тапанчага окшош курал табылган.

Аталган факт Жазык кодексинин 255-беренеси (Курал-жарактарды этиятсыз колдонуу) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

Кармалган жаран «CHRYSLER 300 C» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып жүргөн.

Азыркы учурда топтолгон материалдар Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясынынТергөө кызматына жөнөтүлгөн.

Аталган факт боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 58