Социалдык тармактарда оорукананын кабыл алуу бөлүмүнөн тартылган видео жарыяланды. Анда Фучик көчөсүндө жайгашкан ооруканада бейтаптар флюрография менен дарыгерге кирүүгө аракет кылып жатышканы айтылган. Бейтапкананын ичинде адамдардын узун кезеги жаралганын видеодон байкоого болот.