• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте пакистандык жаран алдамчылыкка шектелүүдө

30 Бугу 2023 11:33 Бишкек Govori.TV

Бишкекте чет элдик жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбуздөгү жылдын 4-мартында милицияга А.К. аттуу жаран кайрылып, 2019-жылы 29-декабрда Пакистандын М.Д. аттуу жараны чет өлкөдөн унаа алып келип берем деп 77 миң сом алып, алдап кеткенин билдирген.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Шектүү катары 57 жаштагы Д.А. аттуу Пакистандын жараны кармалган. Соттун чечими менен шектүү камакка алынган»,-деп жазылат маалыматта.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо, 0707 10 55 55 жана 102 номерине аркылуу кабар берүүнү суранат.

Количество просмотров: 63