Бишкекте каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-март күнү болжол менен саат 02:45 чамасында «102» кызматына «Ала-Тоо» аянтынан каракчылык кылып кетишти деген маалымат келип түшкөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене «каракчылык» боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
«19 жаштагы Пакистан жараны арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен арыз ээсин белгисиз жарандар бычак, кайчыга окшош буюмдар менен коркутуп, күч колдонуп, эки Айфон телефонун жана 2 миң сомун алып, белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин жазган. Кылмышка шектүү катары 27, 25, 26 жаштагы 3 жаранды кармашып, Биринчи май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен», — деп айтылат маалыматта.