• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Бишкекте Раззаков менен Жумабек көчөсүнүн кесилишинде бак кулады (сүрөт)

29 Жалган куран 2022 13:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Раззаков менен Жумабек көчөсүнүн кесилишинде бак кулады. Бул тууралуу Govori.TVга күбөлөр кабарлады.

Маалыматка ылайык, катуу шамалдан улам бак сынып унаа жолдун боюна, адамдар басуучу жолго түшкөн, жабыркагандар жок.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору Чүй менен Бишкекте катуу шамал болушу күтүлө турганын маалымдаган. Кабарлангандай Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында 1 сааттын ичинде жана күндүн экинчи жарымында катуу шамал болушу мүмкүн.Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Количество просмотров: 373