Бишкекте өрттүн кесепетинен 1 аял каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Октябрь районун 3-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат бүгүн эртең менен келип түшкөн.
«Өрттү өчүрүүгө саат 0.7:50дө Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт 08:18де чектөөгө алынып, өрт саат 08:45те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 1 аял киши (аты-жөнү такталууда) каза болгон», — деп айтылат маалыматта.