• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте «Төрт улуттун эл аралык футбол мелдеши» өтөт

2 Теке 202517:05 Бишкек Govori.TV

15-23-июль күндөрү Бишкек шаарында футбол боюнча олимпиадалык курамалар арасында (U-23) «Төрт улуттун эл аралык футбол мелдеши» өтөт.

Кыргыз футбол биримдигинин маалыматына караганда, турнирге Кыргызстан, Оман, Бахрейн, Сирия мамлекеттеринин олимпиадалык (U-23) курама командалары катышат.

Беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо жана «Алга» футбол клубунун стадионунда өтөт.

Белгилей кетсек, мелдеш 1-9-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турчу Азия кубогунун тандоо туруна даярдык көрүү максатында өткөрүлүүдө. Анда Кыргызстандын U-23 курама командасы, E тайпасына Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланка курамалары менен күч сынашат.

Мелдештин жүгүртмөсү:

  • 17-июль – 19:00 Оман – Бахрейн (ФК “Алга”);

21:00 Кыргызстан – Сирия (Д. Өмүрзаков стадиону);

  • 20-июль – 19:00 Сирия – Бахрейн (ФК “Алга”)

21:00 Кыргызстан – Оман (Д. Өмүрзаков стадиону)

  • 23-июль – 19:00 Оман – Сирия (ФК “Алга”)

21:00 Кыргызстан – Бахрейн (Д. Өмүрзаков стадиону)

Количество просмотров: 126