• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте таң эрте 2 унаа кагышты. Жабыркагандар бар

31 Үчтүн айы 2020 13:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын 12-кичи районундагы Нуркамал көчөсүндө жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу күбөлөр социалдык тармактарга жазып, сүрөтүн жүктөштү.

Маалыматка флайык, кырсык бүгүн, 31-январда таң эрте болгон. Анда «Лексус» менен «Ауди» кагышкан.

«Эртең менен саат 7:30дар чамасында эки автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анда Ауди менен Лексус үлгүсүндөгү автоунаа кагышкан. Эки айдоочу жана бир кичинекей кызы «Тез жардам» кызматы менен №4 ооруканага жеткирилди»,-деп билдиришти патрулдук милициянын басма сөз кызматынан.

Мындан сырткары, патрулдук милициянын басма сөз кызматы Лексустун айдоочусу качып кетти деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтып, учурда унаалар айып аянтчасына токтотулганын кошумчалады.

Количество просмотров: 356