• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте тергөөчү жабырлануучунун арызын жасалмалоого айыпталууда

19 Тогуздун айы 2021 16:33 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура тарабынан Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүүдө кабыл алынып жаткан чечимдеринин мыйзамдуулугу текшерилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жабырлануучунун атынан жазылган жасалма арыздын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши мыйзамсыз кыскартылганы аныкталган.

2021-жылдын 19-январында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну А.Н. аттуу жаран үйүнөн 12 миң 500 сомдук телевизорун уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранып, арыз менен кайрылган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурулук) менен катталган. Бирок Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзбөстөн, жабырлануучунун арызын жасалмалап, сотко чейинки өндүрүш ишин кыскартуу жөнүндө мыйзамсыз чечим чыгарган.

Аталган факт Башкы прокуратура тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 320-беренеси менен (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

 

Количество просмотров: 77