• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте Токомбаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

20 Жалган куран 202616:50 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 21-март күнү саат 19:00дөн тартып 22-март саат 06:00гө чейин Аалы Токомбаев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул аралыкта жер үстүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөнүн металл конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт.

Мэрия убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамды алдын ала пландап алууну суранат.

Количество просмотров: 154