• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды

29 Жалган куран 2021 14:24 Бишкек Govori.TV

Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 28-мартында болжол менен саат 22:40 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Жибек-Жолу көчөсүнөн чет өлкөлүк жаранды тоноп кетти деген маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча Биринчи май райондук ИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренесинин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

«Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1989-жылы туулган А.М. аттуу чет өлкөлүк жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен белгисиз европа түспөлүндөгү жаран арыз ээсинин баасы 300 евро турган “Самсунг Гэлакси А50” үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун жана баасы 300 евро турган көз айнегин ачык түрдө күч колдонуп, тартып алып качып кеткен. Милиция кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе шектүү катары 2000-жылы туулган С.Б. аттуу чет өлкөлүк жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнин Тергөө кызматына өткөрүп беришкен»,-деп айтылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 87