• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Бишкекте триатлонисттер эртең мененки чуркоо учурунда 100 кг. чукул таштанды чогултушту

14 Аяк оона 202011:08 Бишкек Govori.TV

Өзгөчөлөнгөн экочуркоо 2020-жылдын 13-сентябрында өттү. Ага кесипкөй спортчулар жана чуркаганды жактыргандар катышышты. Каптарды көтөрүп жана мээлейлерди кийип алышып алар 5тен 15 чакырымга чейинки аралыктан өтүштү. Жол бою чуркоочулар алдынан чыккан — көпчүлүгү желимдерден жана айнектерден турган таштандыларды чогултушкан.

Финишке жеткенде аларды ЭЧЖКда (ВДНХ) таразалар менен тосуп алышты — ал жакта чогулган таштандыларды кабыл алуу уюштурулган. Акциянын уюштуруучулары — КР Триатлон федерациясы жана «Эко Деми» КФу — финишке келгендерге ардак дипломдорун тапшырышты.

«Чуркоочулар плоггинг учурунда чогулткан таштандыларды биздин фонд сорттого жана утилизация кылууга жардам берди. 100 кг. таштанды атайын ишканада кайрадан иштетилип чыгарылат. Ооба, бул океандын тамчысындай гана иш. Бирок биздин акциялардын бардык маңызы кыргызстандыктардын өзүнүн жашоо образына, алардын айлана-чөйрөгө тийгизип жаткан таасирине көңүл бурдурууга багытталат. Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өткөрүү да дал ошол үчүн ойлонуп чыгарылган — бул жөн гана бир жолку ишембилик эмес, бул акыл-эстүү адамдын тазалык, жүрүм-турум маданиятынын философиясын эл аралык деңгээлде пропагандалоо болуп саналат», — деди «Эко Деми» КФнун башкармалыгынын төрайымы Венера Мамбетмусаева.

Количество просмотров: 40