“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин айлык маянасы 40%га көбөйөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка Бишкек мэри Айбек Жунушалиев кол койду. Маяна көтөрүлгөндөн кийин троллейбус айдоочуларынын орточо айлыгы 25 миң сомду түзөт.
“Мындай чечим эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында айдоочулардын жана техникалык кызматкерлердин ишинин көлөмүн жана графигин дыкат текшергенден кийин кабыл алынды”, — деп айтылат маалыматта.