• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте унаа алдамчылыгына шектелген жаран кармалды

23 Жалган куран 2021 9:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында унаа алдамчылыгына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-март күнү Октябрь РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда 11-март күнү 4-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанында турган унаасын чала таанышы ишенимге кирүү жолу менен алдап кеткенин айтылган. Шектүү унаасын үчүнчү жактарга күрөөгө коюп, алынган акчаны жеке муктаждыктарына жумшаганы жазылган.

Бул факты Октябрь РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Тергөө иш-чараларынын негизинде, ыкчам кызматкерлер тарабынан алдамчылыкка шектүү катары 1995-жылы туулган С.Э. аттуу адам кармалган. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту шектүүнү эки айга үй камагына алган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө, шектүү ушул сыяктуу дагы 3 кылмыш ишине тиешеси бар экени аныкталган.

 Кимде ким сүрөттөгү жарандан жабыркаган болсо, төмөндөгү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш телефону: 0(708) 06-49-26, 0(557) 33-33-53

Количество просмотров: 102