• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте унааны мыйзамсыз айдап качкандар кармалды

21 Үчтүн айы 2021 18:24 Бишкек Govori.TV

Бишкекте унааны мыйзамсыз айдап качкан жарандар кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

 21-январда саат 04:40 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Ауэзов жана Манасчы көчөлөрүнүн кесилишинен автоунаа уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 04:30 чамасында азият түспөлүндөгү 4 жаран “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү авто унаа менен катуу ылдамдык менен келип, арыз ээсинин “Toyota Picni” үлгүсүндөгү авто унаасын сүзүп токтоп, арыз ээсинин унаасын күч колдонуу менен тартып алып, андан ары мыйзымсыз айдап белгисиз тарапка качып кетишкен.

«Ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган К.К. жана 2000 жылы туулган А.А. аттуу жарандар кармалып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 229