• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте жаңы автобекет качан курулуп бүтөт?

13 Үчтүн айы 202513:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын четинде курулуп жаткан 4 миң унаага ылайыктаган унаа токтотуучу жайы бар автобекет май айынын аягына чейин курулуп бүтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча орун басары Жамалбек Ырсалиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, “Манас”аэропортуна бараткан жолдо аталган жаңы автобекет менен бирге жаңы Ош базары да курулууда.

“Бишкек шаарында автобекеттерди шаардын сыртына чыгаруу боюнча өткөн жылдан тарта иштер жүрүүдө. Жаңы салынып жаткан автобекет кенен, долбоору абдан жакшы. Бирок, учурда автобекетти шаардан шашылыш чыгарып салышты деп айтышууда. Айтылып жаткан сөздүн чындыгы бар, учурда жаңы автобекеттин курулушун тездетүү максатында иштерди жүргүзүүдөбүз. Негизинен бардык каттамдар Алмата көчөсү 1/1 дарегинде жайгашкан автобекетке барышмак, бирок ал жерден түштүк региондорго жана Таласка каттам жүргүзүү ыңгайсыз болгондуктан убактылуу автобекет түзүлдү. Мисалы шаардын тыгынынан жарандар аталган бекетке бир, бир жарым саатта жетип калышат экен. Ошондуктан элге ыңгайлуу болуусу үчүн “Ак-Кула” ипподромунда убактылуу автобекет уюштурулду. Чындыгында бул жерде башында шарт жок болгон, бирок азыр бардык шарттар түзүлдү. Биринчи орунда тамактануучу жайлар, ажаткана, дүкөн, унаалар үчүн май алмаштыруучу, дөңгөлөк чаптоочу жайлардын бардыгы уюштурулду”, — деди ал.

Количество просмотров: 233