Бишкекте адам өлүмүнө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-сентябрда саат 18:50 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Көлбаев көчөсүндөгү үйдөн киши колдуу болгон жаран тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке кайгуулчулар барганда аял киши үй-бүлөлүк чыр-чатак болгонун айтып, милиция кызматкерлеринин жардамына муктаж эместигин билдирген.
«Ал эми 1963-жылы туулган С.И. 1987-жылы туулган С.О. аттуу келинин шаардын сырт жагында өлтүргөнүн билдирген. Кайгуулчулар анын көрсөтмөсү менен айтылган дарекке барган. Көрсөтмө берген жарандын уулу — 1986-жылы туулган А.Д. өзүнүн жубайынын сөөгүн жашыруунун амалын издеп жаткан жеринен Милициянын кайгуул кызматынын жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалды», — деп айтылат маалыматта.
Бул факт Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталып, Аламүдүн РИИБ тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө алынды.