УКМК менен ИИМдин тиешелүү кызматкерлери жарым миллион сом опузалап талап кылып жаткан милиционерди кармашты.
Бул тууралуу укук коргоо кызматкерлери билдиришти.
Алардын маалыматы боюнча бүгүн, 20-августта УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери тарабынан Бишкектин Биринчи Май РИИБнин No8 шаардык бөлүмүндөгү милициянын капитаны пара талап кылган деген шек менен кармалды.
Шектүү милиция кызматкери 550 миң сом менен кармалганы аныкталды. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.