Бишкекте 18 жаштагы кызга кол салууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов РИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 24-январда милицияга И.М. аттуу жаран арызы менен кайрылган. Анда , ошол эле күнү болжол менен саат 23:30 чамасында Бишкек шаарынын коңуштарын биринде көчөдөн белгисиз адам себепсиз 2007-жылы туулган жашы жете элек кызын моюн жерине белгисиз курч нерсе менен чаап кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза Кодексинин 280-бересине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1998-жылы туулган С.Д.. аттуу жаран аныкталып, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасын КЖПКнын 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары уланууда