• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте жеңил унаа менен кичи автобус кагышты

27 Теке 202116:16 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Масалиев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде “Мерседес Спринтер” менен “Лексус ЛХ 470” унаалары кагышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жол кырсыгынан кичи автобустун айдоочусу жабыркап, аны тез жардам унаасы алып кетти.

Учурда жол кырсыгынын себептери такталууда.

Количество просмотров: 971