Бишкек шаарындагы «Асанбай» сейил багында жерде жаткан милиция кызматкеринин сүрөтү социалдык тармактарга тарап, талкуу жаратты. Анда милициянын формасын кийген эркек адам жерде жатканын көрүүгө болот.
Маалыматка ылайык, сүрөт 9-ноябрь күнү эртең менен тартылган. Азыркы учурда милиция кызматкери кандай себеп менен ал жерде жатып калганы белгисиз.
Окуя боюнча Бишкек ШИИББ териштирүү жүрүп жатканын билдирди.