Бүгүн саат 16.30 чамасында бир жигит Рыскулов жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн чатырына чыгып, секирмекчи болгон.
«Окуя болгон жерде ӨКМдин куткаруучулары жана тез жардам дарыгерлери нөөмөттө турушкан. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери жигитти суицид жасаоо оюнан кайтууга чакырышты. Азыр окуянын бардык жагдайлары такталууда», – деп айтылат маалыматта.