Арча-Бешик конушундагы үйдүн короосунда ойноп жатып жоголгон кыз табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кечээ, 12-мартта милиция бөлүмүнө Ак-Ордо конушунун көчөлөрүнүн биринде жалгыз жүргөн кыз тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барып, кызды ГОМ-2 бөлүмүнө жеткиришкен.
Ошол эле күнү Ленин РИИБге Н.Ч. аттуу жарандан (аял киши) арыз түшкөн. Арызында ал Арча-Бешик конушундагы үйдүн короосунда 2014-жылы туулган М.А. аттуу кызы ойноп жатып жоголгонун билдирген.
«Тиешелүү документтер текшерилип, кыздын жана ата-энесинин өздүгү аныкталып, туугандарына өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.