Борбор калаада «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан жолдорду оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.
Оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткан участоктордун тизмеси:
Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрелден Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгүндө чуңкурлар жамалууда;
Гагарин көчөсүнөн Ш. Руставели көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол белгилери жаңыланууда;
Ч.Айтматов проспектисинин резиденциядан баштап Жибек-Жопу проспектисине чейинки бөлүгүндө жол белгилери жаңыланууда;
Профессор Зима жана Архитектор көчөлөрүнүн кесилишинде жол белгилери жаңыланууда. -Алыкулов көчөсүнүн Селекция көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жаракаларды толтуруу иштери жүрүүдө.
Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландаштырып алууну өтүнөт.
Бишкек шаарындагы «Дордой» базарынын аймагында жол инфраструктурасын реконструкциялоо долбоорунун экинчи этабы башталат. Муниципалитеттен билдиришкендей, буга …
Чуңкурчак жайлоосунда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жайыттарды коргоо жана жаратылыш аймактарында мототранспорт каражаттарынын …