• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу аяктоодо

13 Тогуздун айы 2020 14:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы эксперименттик тез курулуучу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу аяктоодо. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти.

100 орунга эсептелген оорукана 2020-жылдын июль айында башталган. Каржылоо Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду тарабынан жүргүзүлүп, 67,5 млн сомго каржыланды.

«Азыркы мезгилде төрт блоктон турган объекттин курулушу бүтүү алдында турат. Подряддык уюм тарабынан төмөндөгү жумуштар бүткөрүлдү: имараттын чатыры жабылды, потолоктор жылууланды, полдор бетондолуп бүттү, ички дубалдар гипсокартон менен чапталып, жасалгалоо жумуштары бүткөрүлдү, эшиктер жана терезелер орнотулду, сырткы дубалдар профнастил менен чапталды, сырткы тепкичтердин тосмо дубалдарынын бетон жумуштары аягына чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, желдетүү каналдары, сигнализация тармагы, ичүүчү суу түтүктөрү, канализация түтүктөрү орнотулду жана электрмонтаждоо жумуштары бүткөрүлдү.

Азыркы учурда оорукананы жууп, тазалоо жана аянтын көрктөндүрүү боюнча жумуштар бүткөрүү алдында турат. Андан тышкары эмеректер орнотулууда жана жакынкы арада медициналык жабдуулар алынып келүүсү күтүлүүдө.

Количество просмотров: 57