Мындан туура бир ай мурун Бишкек шаарынын Горький жана Абай көчөлөрүнун кесилишинде жайгашкан «Магнит» унаа жуучу жайынын кызматкери чаламандын чак түшүндө Каныкей аттуу айымдын унаасын белгисиз тарапка айдап кеткен. «Лексус 400» үлгүсүдөгү автоунаанын ээси 2100 АКШ долларына бааланган катализаторун чечип, андан соң автоунаа жуучу жайга токтотуп коюшканын, унаа жуучу жайдын жетекчилиги окуяга жоопкерчилик албай жатканын айтып, Govori.TVга кайрылды.