• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкектеги 60 көчөнү кытайлык компания оңдомой болду

3 Баш оона 2020 17:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы көчөлөрдү оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн өткөн тендерди кытайлык «Сhina Road and Bridge Corporation» компаниясы утуп алды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгында «Бишкек шаарынын көчөлөрүн жакшыртуу» долбоорунун II фазасын ишке ашыруунун алкагында сынак өткөн. Борбор калаадагы дагы 60тан ашык көчөдөгү оңдоо жана куруу иштери менен кытайлык компания алектенет.

«Бишкек шаарынын көчөлөрүн жакшыртуу багытындагы долбоордун II фазасы 2 жылга пландаштырылган. Бул убакыт аралыгында Бишкек шаарында 5 көпүрө куруп, жалпы 70 км узундуктагы 60 көчөнү оңдоо иштери пландалууда. Ал көчөлөрдүн көпчүлүгү кеңейтилип же кайрадан курулуп, баарында тротуар жана ирригациялык тармак болот. Оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын грант түрүндөгү каражатынын эсебинен жүрөт жана жумуш Кытай тарап келишимге кол койгондон кийин башталат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 142