Бүгүн, 1-мартта Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан “Арзу” жана “Тайм Аут” кафелери буздурулууда. Бул маалымат социалдык тармактарга жарыяланды.
Маалыматка караганда, кафелер жайгашкан жер «Спартак» стадионунун кичи аренасына тиешелүү болгон.
Ал эми кафенин ээлерине башка аймактан жер бериле турганы кошумчаланды.


