• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкектеги «Азия Молл» жана «Дордой Плаза» соода борборлору кайрадан жабылат

8 Теке 2020 0:25 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги «Азия Молл» жана «Дордой Плаза» ири соода борборлору эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кайрадан жабылат. Бул тууралуу маалымат аталган соода борборлордун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

«Урматтуу достор! Республикада инфекцияны жуктургандардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу «Азия Молл» белгисиз убакытка карантинге чыгат. Биринчи кабат мурдагыдай режимде иштейт», — деп жазылган «Азия Молл» соода борборунун социалдык тармактагы баракчасында.

https://www.instagram.com/p/CCWEakgHuO9/?igshid=1j3kcato66l4q

Ошол эле учурда «Дордой Плаза» соода борбору дагы кырдаалга байланыштуу ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп жаткандыгын билдирген.

https://www.instagram.com/p/CCVrCidj-n6/?igshid=u55ox1vxajio

Мындан тышкары, борбор калаадагы «Техно Парк» оюн-зоок борбору жана «РИОМ» унаа базары дагы карантинге жабыла турганы айтылууда.

Количество просмотров: 155