• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкектеги барбершопко кирип барган спецназ чач тарачты кармап кетти

20 Бирдин айы 202510:46 Бишкек Govori.TV

Акча опузалоого шектүү жаран кармалды, деп билдирди Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы.

Милицияга А.А. аттуу кыз кайрылып, жаңы эле таанышкан жигит анын жылаңач сүрөттөрүн жарыялайм деп коркутуп, 20 миң сом талап кылганын айткан.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалоо) менен катталды. Октябрь РИИБдин ыкчам тобу тарабынан 2001-жылы туулган А.М. шектелип кармалып, убактылуу камакка алынды.

Милициянын маалыматы боюнча, шектүү Бишкек шаарында эркектердин чачтарачы болуп эмгектенип жүргөн.

Количество просмотров: 1304