• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Бишкектеги үч адамдын өлүмү. Шектүү 16-июнга чейин камакта калды

11 Чын куран 2023 16:02 Бишкек Govori.TV

Бишкектин 5-кичирайонунда 16-февралда үч адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган А.Ч.К. 16-июнга чейин камакта калды. Бул тууралуу Govori.TVга Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш сотко өтө элек. Бишкек ШИИББ учурда тергөө иштери уланып жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16-февраль күнү кечинде 5-кичи райондогу батирлердин биринде 51 жаштагы аял жана анын 17 жаштагы кызы менен жашы жете элек уулу киши колдуу болгон. Милиция бул кылмышка шектүү катары А.Ч.К. аттуу эркек кишини кармаган.

Шектүү 36 жаштагы А.Ч.К. 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына жумушка алынып, 2021-жылга чейин кызмат өтөгөн. 2021-жылы А.Ч.К. эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган.

Количество просмотров: 1114