• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бишкектеги Элебесов көчөсү жабылды

26 Теке 2023 9:25 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Элебесов көчөсү, Дордой базарына баруучу жол бүгүн, 25-июлдан тарта капиталдык оңдоо иштерине толугу менен жабылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин эски асфальтты алуу иштери айланма жол тараптан башталса, эми унаалардын көп агымына карабай жолдун бул бөлүгү жабылды.

Аталган көчөнүн узундугу 1 миң 300 погон метрди, жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 6 метрди түзөт. Тротуар жана ирригациялык система менен жабдылат.

Белгилей кетсек, буга чейин жолдун бул бөлүгүн оңдоо боюнча көптөгөн кайрылуулар түшкөн.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы унаа тыгындарын болтурбоо үчүн «Дордой» базарына жана Келечек, Ак-Бата конуштарына башка жол менен каттоону өтүнөт.

Количество просмотров: 78