• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бишкектеги мейманканадан 3 адамдын жансыз денеси табылды

6 Чын куран 2023 17:10 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги мейманканалардын биринде 3 адамдын жансыз денеси табылды. Маалыматты Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя болгон жерде ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.

Милиция кызматкерлери каза болгон адамдын өздүгүн такташкан. Ал 1984-жылы туулган Азербайжандын жараны К.В. ал эми аялдардын өздүгү такталууда.

Аталган факт РИИБге катталган. Тергөөгө чейинки текшерүү учурунда бардык зарыл болгон тергөө аракеттери жүргүзүлөт.

Алдын ала маалымат боюнча, алар баңгизатын ашыкча колдонуп каза болгон.

Количество просмотров: 3567