• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Бишкектеги мектептерде коңгуроо ордуна комуз күүсү жаңырат

16 Жалган куран 2023 9:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясы шаардагы сегиз орто мектепте салттуу коңгуроонун үнүн күүлөргө алмаштырууну чечти. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, долбоордун максаты – окуучуларды патриоттуулукка тарбиялоо, мекенди сүйүүгө үндөө.

Мэрия №3, 51, 93, 95, 96, 97, 99, 100 мектептер үчүн белгилүү комузчулар Нурак Абдрахмановдун, Асылбек Насридиновдун жана Закирбек Дүйшөналиевдин аткаруусундагы күүлөрдү тандап алганын белгиледи.

Долбоор президенттин “Тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоого, изилдөөгө жана жайылтууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” жарлыгынын алкагында иштелип чыкты.

Европадагы айрым өлкөлөрдө коңгуроо үнү окуучулардын «тынчын алганы» үчүн өчүрүлгөн.

Количество просмотров: 195