Бишкекте быйылкы окуу жылы онлайн же офлайн режимде өтөрү азырынча белгисиз. Бул тууралуу Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, бул маселе эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу.
“Бул маселе баарынын оозунан түшпөй жатат. Бирок салттуу түрдө же онлайн режиминде окутуу чечими эпидемиологиялык кырдаалга жараша Республикалык штабынын сунушу менен кабыл алынат”, — деди ал.