• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бишкектеги «Народный» дүкөнүн тоноду деген шектүү кармалды

15 Үчтүн айы 2020 14:27 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 14-январь күнү кечинде «Асанбай» кичи районундагы «Народный» дүкөнүндө болгон каракчылыкка шектелип 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, кечээ болжол менен саат 18:45те «102» кызматына, «Асанбай» кичи районундагы «Народный» дүкөнүнүн биринде каракчылык болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине милиция кызматкерлерин барган.

«Белгилүү болгондой, кара бет кап тагынган белгисиз жаран дүкөнгө кирип келип, асманга ок атып кассадагы 30 миң сом акчаны алып кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 202-беренеси боюнча катталып, сотко чейин иш башталган.

«Бул ишке шектүү катары 23 жаштагы Э.И. аттуу жаран кармалды. Аны текшерүү маалында, анда акча каражаттары, ок атуучу курал (16 калибрдеги 9 патрону бар), кара бет кап, 1 булгаары, 1 резина кол кап жана 2 бычак табылып, алынган», — деп билдиришти шаардык милициядан.

Кармалган жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалган. Шектүүнү башка бул өңдүү иштерге байланышы бар же жок экендиги изилденүүдө.

«Кармалган жарандан жабыркагандар болсо 0(703) 060-508, 0(704) 150-066 номерлерине кайрылууларын өтүнөбүз», — деп кошумчалашты шаардык милициядан.

Количество просмотров: 113