• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бишкектеги үрөй учурган мушташ: шектүүнүн милицияда иштеген тууганы кызматтан алынды

5 Аяк оона 2019 10:47 Бишкек Govori.TV

«Жал» кичирайонунда үч баланы чала жан кылып сабады делген негизги шектүүнүн милицияда иштеген тууганы майор Казыбек Бапышев кызматынан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, учурда министрликте адамдардын катуу сабалышы боюнча ички кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Аталган факты Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси боюнча катталып, сотко чейинки тергөө башталды.

28-августта болжол менен саат 7:00дөр чамасында Бишкек ШИИБге «Жал» кичирайонундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Окуя болгон жерге №479 экипаж чыгып кеткен. Алардын катарында милициянын кайгуул-күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери болгон. Мындан сырткары, Чүй ОИИББдин кызматкери Казыбек Бапышев дагы келип, эки шектүүнү алып кеткен. Учурда Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сеитбековго издөө жарыяланды. Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактын маалыматына караганда, шектүүлөр Казыбек Бапышевдин бир туугандары болуп саналат.

ИИМдин кызматтык териштирүүсүнүн жыйынтыгында тергөөчү менен №2 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулган. Ички иштер бөлүмүнүн дисциплинардык талаптарын бузганы үчүн нөөмөт бөлүмүнүн инспектору менен №2 шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчисинин жардамчысына катуу сөгүш берилген.

Ал эми ички иликтөө кызматы милициянын майору, Чүй ОИИББдин ыкчам аракеттеги кызматкери Казыбек Бапышевдин аракеттери боюнча да иликтеген. ИИМдин билдиришинче, ал бир гана шектүүнүн агасы болуп эсептелет. Анын аракети кылмышты жабуу жана кызмат абалынан пайдаланган деп бааланууда.

Шектүүлөр кармала электигинен улам алардын кылмыш жасаганы боюнча билдирүү ата-энесине берилген.

Количество просмотров: 260