Бүгүн, 2023-жылдын 20-январында саат 15:45 чамасында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын “102” кызматына «Red Centre» соода борборуна бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу соода борборунун аймагын курчоого алды. Адамдар эвакуацияланды»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда аталган соода борборунда ИИМнин кинологдору тиешелүү иш-чараларды өткөрүүдө.